Үч өлкөнүн биргелешкен "Рафах" билдирүүсү

Биргелешкен билдирүүдө Израилдин Рафахта пландаган кол салууларына байланыштуу «олуттуу тынчсыздануулары» айтылды.

2102965
Үч өлкөнүн биргелешкен "Рафах" билдирүүсү

Австралиянын, Канаданын жана Жаңы Зеландиянын премьер-министрлери Израилдин Рафах шаарына кол салуусунун "апаат" болоорун баса белгилеп, Тель-Авивди "бул жолго түшпөөгө" чакырышты.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Жаңы Зеландиянын премьер-министри Кристофер Луксон биргелешкен билдирүүсүндө, Израилдин Рафахта пландаган кол салууларына байланыштуу «олуттуу тынчсызданууларын» айтышты.

Билдирүүдө Израилдин Рефахка кол салууга даярдануусу «апаат» деп мүнөздөлүп, арасында көп сандаган жаран да болгон болжол менен 1,5 миллион палестиналыктын аймакка баш калкалаганына көңүл бурулду.

Газадагы гуманитардык абалдын оор экени кабарланган билдирүүдө, палестиналык жарандарга жасалган узакка созулган кол салуулардын кесепеттеринин кыйратуучу болоору эскертилди.

Тель-Авивди «бул жолго түшпөөгө» чакырган билдирүүдө, «жарандыктардын башка барар жери жок» экени, Израилдин өкмөтүнө эл аралык коомчулуктун жана «досторунун» пикирин угууга кеңеш берилди.

Билдирүүдө «дароо гуманитардык ок ​​атышпоо» жана эки тараптын туткундарды бошотуусу керектиги айтылды.

Газага кол салуусу жана басып алуусунда он миңдеген палестиналыкты өлтүргөн Израиль, аймактын түндүк жана борбордук бөлүктөрүндөгү калктын көбүн Египет чек арасындагы Рафах шаарына топтоштурууга мажбур кылды.

Рафахта 1 миллион 400 миңге жакын жарандын чыга албай калганы болжолдонууда.

Эл аралык коомчулук Израилди Рафахка кеңири кол салуунун жаңы жана чоң трагедияга алып келерин эскертет.



Тектеш кабарлар