Кристофер Врэй Израилге күтүүсүз барды

ФБРдин билдирүүсүндө, Врэйдин аймактагы абалдарды талкуулоо үчүн Израилге күтүүсүз барганы, Израилдин укук коргоо жана чалгындоо кызматкерлери менен жолугушканы маалымдалды.

2102562
Кристофер Врэй Израилге күтүүсүз барды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) директору Кристофер Врэй Израилге күтүүсүз иш сапары менен барды.

ФБРдин билдирүүсүндө, Врэйдин аймактагы абалдарды талкуулоо үчүн Израилге күтүүсүз барганы, Израилдин укук коргоо жана чалгындоо кызматкерлери менен жолугушканы маалымдалды.

Сапардын жүрүшүндө Врэй израилдик кесиптештери менен болгон өнөктөштүгүн “узак мөөнөттүү, жакын жана бекем өнөктөштүк” деп сыпаттаганы айтылган билдирүүдө, Брэйдин ошондой эле ФБРдин Израилге колдоосун уланта турганын билдиргени жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө басым жасаганы кабарланды.

ФБРдин шериктештеринин коопсуздугун сактоого карата чечкиндүүлүгү баса белгиленген билдирүүдө, Рэйдин Израилде ФБР кызматкерлери менен да жолугуп аларга кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ыраазычылык билдиргени айтылды.  



Тектеш кабарлар