Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесине 132 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

2102838
Газада каза болгондордун саны

Израилдин, калкты ачка жана суусуз калтырган Газа тилкесине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 87ге көбөйүп 28 миң 663кө жетти.

Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 132 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде акыркы 24 саатта дагы 87 палестиналыкты өлтүргөнүн белгилеген Кудра, каза болгондордун санынын 28 миң 663кө жеткенин кабарлады. 

Кудра Израиль күчтөрүнүн акыркы кол салууларында дагы 104 палестиналыкты жарадар кылганын, Газа тилкесинде жаралангандардын жалпы санынын 68 миң 395ке жеткенин билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Кудра, урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин сөөктөргө жете албай жатканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар