Биллстрем: "Швеция Түркияга берген убадаларын аткарат"

Тобиас Билстрем Анадолу агенттигине (AA) билдирүү жасады.

2102778
Биллстрем: "Швеция Түркияга берген убадаларын аткарат"

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем террор менен күрөшүүдө Түркияга берген убадаларын аткара тургандарын айтты.

Тобиас Билстрем Анадолу агенттигине (AA) билдирүү жасады.

Швециялык министр, 2023-жылы 11-12-июлда Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өткөрүлгөн НАТО саммитинде түзүлгөн келишимдин натыйжасында Швециянын Түркия менен коопсуздук келишимине кол коюуга макул болгонун эске салды.

Испаниянын борбор шаары Мадридде 2022-жылдын 28-30-июнунда өткөрүлгөн НАТО саммитинде да Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда түзүлгөн туруктуу орток механизмге көңүл бурган Биллстрем, үч тараптуу меморандумдагы милдеттенмелерди аткара тургандарын айтты.

Швециянын тышкы иштер министри, террор менен күрөшүүдөгү жакын кызматташтыктын Түркия жана Швеция үчүн келечекте жакшы болорун белгиледи.

Биллстрем АКШнын Түркияга F-16 согуштук учактарын сатуусунун НАТО альянсын күчтөндүргөн кадам экенин билдирди.



Тектеш кабарлар