НАТОнун коргоо министрлери чогулууда

Жыйында Түркияны улуттук коргоо министри Яшар Гүлер өкүлдүк кылат.

2102194
НАТОнун коргоо министрлери чогулууда

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери бүгүн Бельгиянын борбору Брюсселде чогулууда.

Түркияны улуттук коргоо министри Яшар Гүлер өкүлдүк кыла турган жыйында, 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушу баш болгон маанилүү темалар талкууланат.

Эки күнгө созула турган жыйындын биринчи күнүндө министрлер Украинанын Коргонуу сүйлөшүү тобу менен жолугушат.

Альянстын Украинага аскердик колдоосу дагы бир жолу каралат.

АКШдагы президенттик ат салышууга кайрадан талапкерлигин койгон АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын НАТО билдирүүсү да өлкөлөрдүн күн тартибинде.

Трамп президенттик кызматы учурунда НАТОго финансылык милдеттенмелерин аткарбаган союздаштарын Орусиянын ыктымалдуу кол салууларынан АКШнын коргобой турганын айткан эле.



Тектеш кабарлар