Францияда темир жол кызматкерлери иш таштоого барат

Францияда жумушчу профсоюздарынын чакыруусу менен француз темир жол фирмасынын (SNCF) кызматкерлери  15 – 18 -  февраль күндөрү иш таштоого барат.

2102421
Францияда темир жол кызматкерлери иш таштоого барат

Францияда жумушчу профсоюздарынын чакыруусу менен француз темир жол фирмасынын (SNCF) кызматкерлери  15 – 18 -  февраль күндөрү иш таштоого барат.

Улуттук басма сөздүн билдирүүсүнө караганда, «Суд Рэйл» жана «ЦГТ» профсоюздары темир жолчулардын эмгек шарттарын жакшыртууну, эмгек акысын жогорулатууну жана пенсияга эрте чыгууну талап кылып, иш таштоого чакырды.

Профсоюздар 3 күнгө созула турган иш таштоого катышуу катнашынын 70 пайыздан 90 пайызга чейин болору болжолдолууда.

Жумушчу профсоюзу FO Cheminotsтун секретары Дэниел Ферте SNCFнын ар бир поездге 2 кызматкерди убада кылганын бирок мунун бардык каттамдарда аткарылбагандыгын белгиледи.

Ферте жуманын акырында жана расмий эс алуу күндөрү да иштегендерин, күн сайын өзгөргөн иштөө сааттарынан да канааттанбагандарын белгиледи.

Франциянын премьер-министри Габриэль Аттал француздардын иш таштоонун «укук» экенин билгендигин бирок иштөөнүн да «жоопкерчилик» экенин билгенин баса белгилеп, өлкөдө дээрлик ар майрам күндөрү иш таштаган темир жол кызматкерлеринин мамилесине «эми бир көнүмүш адатка айланган иш таштоолордун фирманын кадыр  - баркына доо кетирет» деген баа берди.

Француздар кышкы каникулга туш келген иш таштоодо каттамдардын үзгүлтүккө учурашынан тынчсызданып  SNCF жогорку ылдамдыктагы поезддердин ар бир эки сапарынан бирөөсүн ишке ашырууну максат кылгандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар