НАСА 530 кызматкерин жумуштан чыгарды

АКШнын авициялык  жана космостук агенттиги НАСА бюджеттин кыскарышынан улам Калифорниядагы Реактивдүү кыймыл лабораториясында (JPL) 530 кызматкерин жумуштан чыгарды.

2099773
НАСА 530 кызматкерин жумуштан чыгарды

АКШнын авициялык  жана космостук агенттиги НАСА бюджеттин кыскарышынан улам Калифорниядагы Реактивдүү кыймыл лабораториясында (JPL) 530 кызматкерин жумуштан чыгарды.

НАСАнын сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, агенттик бюджеттин кыскарышынан улам 8 пайыздык кичирейүүгө барды. 

Бюджеттин кыскартылышынын алкагында Реактивдүү кыймыл лабораториясында 530 кызматкер жумуштан бошотулган.

Реактивдүү кыймыл лабораториясынын Түштүк Калифорния директору жана миссия кызматкери Лори Лешин бул тема тууралууу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жумуштан бошотуу чечимин "капалантуучу бирок зарыл" деп мүнөздөдү.

Лешин бюджетти кыскарткандан  кийин чыгымдарды чектөө боюнча чечим кабыл алынгандыгын билдирди.

Бюджеттин кыскаруусунан таасирленген Марстан таш жана чаң үлгүлөрүн чогултуп, Жерге алып келүүнү пландаган «Марс үлгүсүнүн кайтып келиши» (MSR) миссиясы көңүлдөрдү бурууда.

Бул миссия менен НАСАнын Марска адамдарды жөнөтүүгө даярдануу процессине колдоо көрсөтүүгө багытталган.

 



Тектеш кабарлар