БУУ: "Газа тилкесинде 650 миң адам үй-жайсыз калды"

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) тарабынан Газа тилкесиндеги абалга байланыштуу жарыяланган күнүмдүк отчетунда, аймактагы кыйроолор тууралуу маалымат берилди.

2100148
БУУ: "Газа тилкесинде 650 миң адам үй-жайсыз калды"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Израилдин 7-октябрдан бери улантып жаткан кол салууларынан улам Газа тилкесинде 650 миң кишинин үйсүз калганын билдирди.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) тарабынан Газа тилкесиндеги абалга байланыштуу жарыяланган күнүмдүк отчетто, аймактагы кыйроолор тууралуу маалымат берилди.

Газада жер которгон 100 миң үй-бүлөнүн кышкы чатырларга муктаждыгы бар экенине көңүл бурулган отчетто, Израилдин Газадагы турак жайларды бутага алган кол салууларынын себебинен аймакта тазаланышы керек болгон 12 миллион тонна урандынын пайда болгону белгиленди.

Отчетто: «650 миңден ашуун адамдын кайта турчу үйүнүн жок экени болжолдонууда. Көп сандаган адамдар да инфраструктуранын бузулушу жана жарылуучу заттын калдыктарынан келип чыккан коркунучтардын айынан үйлөрүнө кайта албай калышат», - деп айтылды.

Израилдин кол салууларынан улам 2,3 миллионго жакын палестиналык жашаган Газа тилкесинде 1,9 миллион киши аргасыз жер которду. Жер которгон палестиналыктардын көбү Газанын түштүгүндө жайгашкан жана Израиль жакында кол салуу белгисин берген Рефах аймагына баш калкалады. Рефахка баш калкалаган жарандардын көбү жер таба албагандыктан убактылуу чатырлардан турган лагерлерде жашоо үчүн күрөшүп жатышат.

Палестиналык булактар, Израиль армиясынын кургактан, абадан жана деңизден чабуулуна кабылган Газа тилкесинде 70 миң үй толугу менен кыйрап, 290 миң үйдүн жарым-жартылай жараксыз абалга келгенин билдиришти.



Тектеш кабарлар