Түндүк Корея түштүк менен экономикалык кызматташууга байланыштуу мыйзамдарды жоюу чечимин чыгарды

Өлкөнүн лидери Ким Чен Ын да Түштүк Кореяны «өзгөрбөс негизги душман» деп аныктоо үчүн конституцияны кайрадан жазууга чакырган.

2099720
Түндүк Корея  түштүк менен экономикалык кызматташууга байланыштуу мыйзамдарды жоюу чечимин чыгарды

Түндүк Корея Түштүк Корея менен экономикалык кызматташууга байланыштуу мыйзамдарды  (укуктун же статустун юридикалык күчүн) жоюу чечимин чыгарды.

Түндүк Кореянын Жогорку Элдик Парламентинде кечээ өткөрүлгөн жыйында Түштүк Корея менен экономикалык кызматташтык жана Кумган тоосунда уюштурула турган эл аралык турлар тууралуу мыйзамдарды токтотуу чечими кабыл алынды.

Түштүк Кореянын Биригүү министрлиги Түндүк Кореяны  изоляциялай турган  жоюу чечиминин күтүүсүз эмес экендигин билдирди.

Министрликтин бир жооптуусу басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, келишимдер Түндүк Кореянын бир тараптуу чечими менен жараксыз болбогондугун жана Пхеньяндын чечимине дароо жооп берүүнү пландабаганын айтты.

Түндүк Кореянын Жогорку Элдик Парламенти январь айынын орто ченинде Түштүк Корея менен мамилелерди жөнгө салуу үчүн жооптуу мамлекеттик негизги институттар болгон Тынчтык үчүн биригүү комитетин, Улуттук Экономикалык Кызматташтык Бюросун жана Эл аралык Туризм Башкармалыгын жойгондугун жарыялаган.

Өлкөнүн лидери Ким Чен Ын да Түштүк Кореяны «өзгөрбөс негизги душман» деп аныктоо үчүн конституцияны кайрадан жазууга чакырган.



Тектеш кабарлар