Өткөн ай "эң ысык январь" катары катталды

Коперник спутниктик байкоо системасы тарабынан жүргүзүлгөн өлчөөлөргө караганда, өткөн айда жер үстүндөгү абанын орточо температурасы 13,14 градусту түздү.

2099407
Өткөн ай "эң ысык январь" катары катталды

Өткөн ай ушул учурга чейин катталган "эң ысык январь" болду.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Коперник спутниктик байкоо системасы тарабынан жүргүзүлгөн өлчөөлөргө караганда, өткөн айда жер үстүндөгү абанын орточо температурасы 13,14 градусту түздү.

Бул өлчөмдүн 1991-2020-жылдын январь айындагы орточо көрсөткүчтөн 0,70 градус жана 2020-жылы катталган мурунку эң жылуу орточо көрсөткүчтөн да 0,12 градус жогору экени айтылды.

Акыркы 12 айдагы (2023-жылдын февраль - 2024-жылдын январы) глобалдык орточо температура болсо 1991-2020-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 0,64 градус цельсий жогору өлчөндү.

Европада өткөн айда абанын температурасы түндүк жана түштүк аймактарда айырмаланды.

Скандинавия өлкөлөрүндө 1991-2020-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн бир топ төмөн болгон температура түштүк өлкөлөрдө бул орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору өлчөндү.

Температура Чыгыш Канадада, Түндүк-Батыш Африкада, Жакынкы Чыгышта жана Борбордук Азияда орточодон жогору, ал эми Батыш Канада, Борбордук Америка жана Чыгыш Сибирдин көпчүлүк аймактарында орточодон төмөн болду.



Тектеш кабарлар