Израиль UNRWA үчүн салык жеңилдигин жокко чыгара турганын билдирди

Израилдин каржы министри Безалел Смотрих X социалдык медиа платформасынан жасаган билдирүүсүндө, UNRWAнын, БУУнун агенттиги катары алган салык жеңилдиктерин жокко чыгарган үч резолюцияга кол кое турганын билдирди.

2099774
Израиль UNRWA үчүн салык жеңилдигин жокко чыгара турганын билдирди

Израиль, Хамаска жардам берген деп айыптап, гуманитардык апаат тереңдеген Газа тилкесиндеги эң чоң жана эң эффективдүү жардам агенттиги болгон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык Качкындарга жардам жана иш жүргүзүү агенттигинин (UNRWA) салыктык жеңилдиктерин жокко чыгарууда.

Израилдин каржы министри Безалел Смотрих X социалдык медиа платформасынан жасаган билдирүүсүндө, UNRWAнын, БУУнун агенттиги катары алган салык жеңилдиктерин жокко чыгарган үч резолюцияга кол кое турганын билдирди.

Израиль басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, UNRWA бажы жана импорт салыктарынан бошотулуп, күйүүчү майга субсидия жана импорттогон продукциядан кошумча нарк салыгынын артыкчылыктарын алды.

БУУга мүчө мамлекеттердин ыктыярдуу салымдары менен каржыланган UNRWA 1950-жылы ишмердүүлүгүн баштагандан бери палестиналык качкындарга тамак-аш, ден-соолук, билим берүү жана баш калкалоочу жай сыяктуу гуманитардык жардамдарды көрсөткөн негизги уюм болуп саналат.

Агенттик 5,9 миллион палестиналык качкынга колдоо көрсөтөт.

UNRWA дээрлик 74 жылдан бери палестиналыктардын жараларын айыктыруу үчүн аракет кылып жатканда, анын объектилери Израиль тарабынан бир нече жолу сокку уруп, тонналаган азык-түлүк жана дары-дармек жок кылынды.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 7-октябрдагы кол салууларга UNRWA кызматкерлеринин тиешеси бар деген Израилдин расмий өкүлдөрүнүн дооматтарын тез арада иликтөөнү талап кылган.

UNRWA да Израилдин дооматтары боюнча иликтөө баштады.

Германия, Швейцария, Италия, Канада, Финляндия, Исландия, Австралия, Англия, Нидерландия, Америка Кошмо Штаттары, Франция, Австрия, Жапония жана Эстония UNRWAга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтотууну чечкендерин жарыялашкан.

Норвегия, Ирландия жана Испания UNRWAга колдоо көрсөтүүнү уланта турганын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар