Грузиядагы жер көчкү: 11 адам каза болду
Ички иштер министрлиги маалымат берди.
2099620
Грузияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн жер көчкүдөн каза болгондордун саны 11ге жетти.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта, Имерети жана Ажария аймактарында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин жүргөн жер көчкүнүн айынан топурактын астында калган адамдардын бар экени, Нергети айылында издөө-куткаруу тобунун иштеринин натыйжасында 9 кишинин жансыз денесинин чыгарылганы белгиленди.
Цониариси жана Тхилвана айылдарындагы жер көчкүдөн да эки адам каза тапкан болчу.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.