Гаитиде өкмөткө каршы нааразычылык акциясы

Аймактын басма сөзүндө чыккан кабарга караганда премьер  - министр  Генринин кызматтан кетишин талап кылган миңдеген киши бир нече шаарда  полиция менен кагылышты.

2099306
Гаитиде  өкмөткө каршы нааразычылык акциясы

Гаитиде премьер - министр Ариэль Генринин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акцияларында 6 киши каза болуп, ондогон адам жараланды.

Аймактын басма сөзүндө чыккан кабарга караганда премьер  - министр  Генринин кызматтан кетишин талап кылган миңдеген киши бир нече шаарда  полиция менен кагылышты.

Чыккан окуяларда 6 киши окко учуп, ондогон киши жараланды.

Көптөгөн киши камакка алынган окуяларда коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлдү жоготуп, кылмыштуу топтордун арага киргендиги айтылууда.

Жалпы өлкөдө аянттарга чыккан миңдеген киши "коопсуздук түзө албагандыгы жана экономикалык кризисти чече албады" деген негиз менен премьер  - министр Генринин кызматтан кетишин талап кылууда. 

БУУ Гаитидеги Интегралдык кеңсеси тарабынан 2 - февралда даярдалган отчетто 2023  - жылдын акыркы 3 айында Гаитиде 2300дөн ашуун кишинин каза болгондугу, жараланганы же барымтага алынганы жана сандын мурдагы чейрекке караганда 10 пайызга өскөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар