Энтони Блинкен Израилде

Аймактык турунун алкагында Израилге барган Блинкен Батыш Кудста Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен жолугушуусу күтүлүүдө.

2099125
Энтони Блинкен  Израилде

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Хамас менен Израилдин ортосундагы ортомчулары аркылуу туткундарды алмаштыруу жана ок атышпоо сүйлөшүүлөрүн талкуулоо үчүн Израилде жолугушууларды өткөрөт.

Аймактык турунун алкагында Израилге барган Блинкен Батыш Кудста Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Жолугушууда Хамас менен Израилдин ортосунда ортомчулар аркылуу  кыйыр түрдө аткарылган туткундарды алмаштыруу жана ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнүн каралышы күтүлүүдө.

Блинкендин Нетаньяху менен өткөрө туррган жолугушуусунан кийин кезеги менен Израилдин башкы штабынын төрагасы Герци Халеви, коргоо министри Йоав Галлант жана президент Исаак Герцог менен өз - өзүнчө жолугушуусу күтүлүүдө.

Палестиналык булактар ​​Хамастын Газа тилкесинде ар бири 45 күнгө созула турган 3 этаптуу туткун алмашуу жана ок атышууну токтотууну караган планды кабыл алганын кабарлаган.

Израилдин премьер-министрлик кеңсеси сүйлөшүлгөн туткун алмашуу жана ок атышпоо байланыштуу Хамастын жообунун Катардын жардамы менен Моссадга билдирилгендигин жана кеңири каралгандыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар