Суданда 2 саатта 1 бала каза болууда

Чек арасыз дарыгерлер  уюму эл аралык коомчулукка «тез арада мобилизациялоого» чакырыгын салды.

2098337
Суданда 2 саатта  1 бала каза болууда

Африка өлкөсү Суданда  2 саатта кеминде  бир бала жетерсиз тамактануудан каза болууда.

Чек арасыз дарыгерлер  уюму өлкөнүн батышындагы Түндүк Дарфур штатынын Фашир шаарында ар бир 2 саатта кеминде бир баланын жетишсиз тамактануудан улам каза болгондугун белгилеп эл аралык коомчулукка «тез арада мобилизациялоого» чакырыгын салды.

Чек арасыз дарыгерлер  уюму жарыялаган отчетто Фашир шаарындагы Земзем какындар лагериндеги текшерүүнүн жыйынтыгына караганда лагерлеги балдардын  төрттөн бир бөлүгүнүн жетерсиз тамактануу, 7 пайызынын катуу жетерсиз тамактануу коркунучу астында экендиги белгиленди.

Эл аралык коомчулукка «тез арада мобилизациялоого» чакыруу салынган отчетто лагерде күнүмдүк жалпы өлүм көрсөткүчүнүн коркунучтуу деңгээлге жеткендигине көңүл бурулду.

Чек арасыз дарыгерлер  уюмунун Судандагы Чукул кийлигишүү боюнча жооптуусу Клэр Николет, Земзем лагеринде болгондордун апааттык деңгээлде экендигин белгилеп : «Лагерде  ар бир эки саатта кеминде бир баланын жетерсиз тамактануунун айынан каза болгондугун болжолдоп жатабыз»,- деди.

Күн сайын  13 баланын каза болгону болжолдолгондугун белгилеген Николет : «Ашыкча жетерсиз тамактана албаган балдар дарыланбаса  3 – 6  жумада олуттуу коркунуч менен бетме  - бет»,- деди.

Лагерде өлүмдөрдү азайтуу үчүн кийлигишүүдө болгондорун бирок мунун жетишсиз болуп жаткандыгын билдирген Чек арасыз дарыгерлер уюму бейтаптардын көбөйүшү менен жардамга муктаж экендерин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар