Песков : «Түркия биздин негизги соода жана экономикалык өнөктөшүбүз»

Дмитрий Песков Владимир Путиндин бул айда ишке ашырышы күтүлгөн Түркия сапарына байланыштуу Москвада журналисттерге маалымат берди.

2098516
Песков : «Түркия биздин негизги соода жана экономикалык өнөктөшүбүз»

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Түркия сапарында экономикалык жана соода карым  - катнаштарын карап чыгышарын белгилеп : «Түркия биздин негизги соода жана экономикалык өнөктөшүбүз»,-деди. Дмитрий Песков Владимир Путиндин бул айда ишке ашырышы күтүлгөн Түркия сапарына байланыштуу Москвада журналисттерге маалымат берди.

Сапарда Түркияда бир газ борборунун түзүлүшүнө карата жол картасы жана Түркия менен Россиянын ортосунда биргелешкен  банк куруу сыяктуу темалардын каралып же каралбай турганына баланыштуу суроого жооп берген Песков : «Бул бардык темалар күн тартибинде болот»,- деди.

Түркия менен Россиянын ортосундагы соода жана экономикалык карым  - катнаштарда бардык элементтер тууралуу кеңешүүнүн болорун айткан Песков : «Түркия биздин экономикалык жана соода боюнча негизги өнөктөшүбүз. Бул карым  - катнаштар кенен түрдө күн тартибинде болот»,- деди.

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков 29 - январдагы билдирүүсүндө Путиндин февраль айындагы Түркия сапарына даярдыктардын көрүлүп жаткандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар