Кытайдын кибер чабуулу

2020 -  жылы Кытайдын Япониянын Тышкы иштер министрлигине карата кибер чабуулунда бул өлкөгө таандык жашыруун дипломатиялык документтердин ачыкка чыккандыгы билдирилди.

2098505
Кытайдын кибер чабуулу

2020 -  жылы Кытайдын Япониянын Тышкы иштер министрлигине карата кибер чабуулунда бул өлкөгө таандык жашыруун дипломатиялык документтердин ачыкка чыккандыгы билдирилди.

Япониянын расмий Киодо маалымат агенттигинин кабинет булактарына таянып берген кабарында  2020 -  жылы премьер  - министр Абе Шинзо мезгилинде Япония өкмөтүнүн Кытай тектүү чоң масштабдагы кибер чабуулду аныктаганы билдирилди.

Кабарда Тышкы иштер министрлиги менен чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ортосундагы жашыруун телеграммаларды  камтыгандыгы, купуя маалыматтарды өткөрүүдө маанилүү экендиги билинген Шифрленген Интернет Протоколунун Виртуалдык Жеке Тармагынын (IP-VPN) колдонулгандыгы белгиленди.

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Хаяши Йосимаса өкмөттүн Тышкы иштер министрлигинин купуя маалыматына кибер чабуулдар аркылуу киргенин тастыктай электигин айтты.

Хаяши министрликтин кибер коопсуздук коргоо жана бекемдөө үчүн иштерин улантып жаткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар