Хуситтер жаңы чабуул тууралуу билдиришти

Хуситтерге караштуу башка бир сайтта аба соккуларынын бир нече жолу кайталангандыгы билдирилди.

2097936
Хуситтер жаңы чабуул тууралуу билдиришти

Америка Кошмо Штаттары Йеменде Иран колдогон хуситтердин көзөмөлүндөгү аймактарда жайгашкан жарылуучу зат жүктөлгөн учкучсуз суу үстүндөгү унааларга кол салганын жарыялады.

АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) билдирүүсүндө : «Хуситтерге таандык жарылуучу зат жүктөлгөн эки учкучсуз суу үстүндөгү унаага өзүн коргоо максатында кол салуу жасалды»,-деп айтылды.

Билдирүүдө бул унаалардын аймактагы АКШ деңиз флотуна таандык кемелер жана соода кемелерине карата «жакын коркунуч» экендиги белгиленди.

Бул аракеттердин навигация эркиндигин коргой турганына көңүл бурулган билдирүүдө кол салуулардын эл аралык сууларды соода кемелери үчүн дагы коопсуз абалга алып келери баса белгиленди.

Хуситтер да кечээ кечинде АКШ жана Британиялык  күчтөрүнүн өлкөнүн батышындагы Кызыл деңиз жээгиндеги Худейде шаарына кол салгандыгын жарыялады.

Хуситтерге караштуу Аль - Месира телекөрсөтүүсүнүн X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүнө караганда, АКШ жана  Британия кечээ Худейде шаарындагы Эль-Касиб аймагына кол салышты.

Хуситтерге караштуу башка бир сайтта аба соккуларынын бир нече жолу кайталангандыгы билдирилди.

Аль - Месира телекөрсөтүүсү АКШ жана Британия күчтөрүнүн кечээ эртең менен Худейде жана Сада шаарларына 15 чабуул жасагандыгын билдирген.

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар