6-февралдагы жер титирөөлөр дүйнөлүк басма сөздө

Жер титирөөдөн бери бир жыл өттү.

2098526
6-февралдагы жер титирөөлөр дүйнөлүк басма сөздө

Очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы жер титирөөлөрдү дүйнөлүк басма сөз да унуткан жок.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) медиасынан Washington Post гезити: «Жер титирөөдөн бир жылдан кийин Түркия өзүн кайрадан курууга аракет кылууда» деп жазды.

Гезит жер титирөөдөн жапа чеккендердин өз өмүрүн сактап калуу аракетин түшүндүрдү.

CNN International маалымат каражаты да жер титирөөдөн аман калган бир адамдын: «Зыярат кыла турчу мүрзөсү барларга көз артам» дегенин баш макалада билдирди. Ал адам CNNге ошол түнү башынан өткөргөн окуяларын айтып берди.

ABC телеканалы да жер титирөөдөн калган издер тууралуу кабарлады.

Британ медиасы Би-Би-Си да жанаша турган кээ бир имараттардын айрымдарынын кантип кулабай калганын иликтеди.

Грециянын мамлекеттик телеканалы ERT да өткөн жылы жер титирөөдөн 3 күндөн кийин жарыялаган, жүз миңдеген түрк менен гректин жүрөгүнөн түнөк тапкан клибин кайра чыгарды.  

Француз басылмалары, урандыга айланган аймактардан тартылган фотосүрөттөргө басым жасады.

«Суд-Оуест» гезити жер титирөөдөн жапа чеккендердин окуяларын, кыйроонун фотосүрөттөрүн окурмандар менен бөлүштү.

Le Telegramme гезити «Урандылардын астында калган кызынын колун кармаган ата» катары таанылган Месут Ханчер менен болгон маегине орун берди.

Гезит «Бир жыл өттү, бирок кайгы жаңы сыяктуу» деген темада берди.

Le Monde гезити да: «Түркиядагы жер титирөөдөн бери бир жыл өттү, бирок баян али бүтө элек»,- деп жазды.



Тектеш кабарлар