Израилдин улутчул министри Бен-Гвирден Байдендин администрациясына сын айтылды

Бен-Гвир АКШда жайгашкан The Wall Street Journal (WSJ) гезитине берген маегинде Жо Байдендин администрациясын сынга алды.

2097306
Израилдин улутчул министри Бен-Гвирден Байдендин администрациясына сын айтылды

Израилдин ашкере оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байдендин администрациясын сындап, «Израилдин согуш аракеттерине зыян келтирди» деди.

Бен-Гвир АКШда жайгашкан The Wall Street Journal (WSJ) гезитине берген маегинде Жо Байдендин администрациясын сынга алды.

Бен-Гвир эгер Дональд Трамп быйылкы шайлоодо кайрадан президент болуп калса, «Израилге ХАМАСты жок кылуу үчүн көбүрөөк эркиндик берерин» ырастады.

Байден башкаруусунун Израилдин согуш аракеттерине зыян келтиргенин айткан Бен-Гвир : «Байден Израилге толук колдоо көрсөтүүнүн ордуна Хамас тарабынан колго алынган Газага күйүүчү май жана гуманитардык жардам жөнөтүү менен алек. Эгерде Трамп бийликте болсо, АКШнын мамилеси такыр башкача болмок»,-деди.

Бен-Гвир, Газа тилкесиндеги палестиналыктардын массалык жер которуусуна байланыштуу : «Газадагыларды финансылык стимулдар менен дүйнөнүн ар кайсы жерлерине ыктыярдуу түрдө көчүүгө үндөйбүз, бул чыныгы гуманитардык чечим»,-деп айтты.

Бен-Гвирдин Байдендин администрациясын сындаган билдирүүлөрүнө Израилдин тышкы карым-катнаштарына зыян келтиргени себептүү Израилдин саясий чөйрөлөрү тарабынан каршы чыгуулар болду.

Израилдин согуш кабинетинин мүчөсү Бенни Ганц, X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө: «Биздин эң чоң жана эң маанилүү өнөктөшүбүз менен да пикир келишпестиктер болушу мүмкүн, бирок булар медиадагы жоопкерчиликсиз билдирүүлөр аркылуу эмес, тиешелүү платформаларда каралышы керек»,-деп айтты.

Бен-Гвирдин билдирүүлөрү Израилдин стратегиялык мамилелерине, мамлекеттик коопсуздукка жана азыркы кырдаалда согуш аракеттерине зыян келтирет деп билдирген Ганц, Бен-Гвирди ички коопсуздук маселелерин чечуу менен эмес, Израилдин тышкы мамилелерине зор зыян келтирип жаткандыгы менен сыпаттады.

Израилдеги негизги оппозиция лидери Яир Лапид да социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө Бен-Гвирдин маеги Израилдин эл аралык позициясына, согуш аракеттерине жана коопсуздугуна түздөн-түз зыян келтирип жатканын, ошондой эле Бен-Гвирдин тышкы саясат жөнүндө эч нерсе түшүнбөгөнүн ачыкка чыгарганын баса белгиледи. 



Тектеш кабарлар