Иран колдогон хуситтер Израилдин Эйлат аймагында буталарга кол салды

Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери Х социалдык медиададан берген билдирүүсүндө Израилдин түштүгүндөгү Эйлат шаарына жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берди.

2097026
Иран колдогон хуситтер  Израилдин Эйлат аймагында буталарга кол салды

Йемендеги Иран колдогон хуситтер Израилдин Эйлат аймагында белгилүү бир буталарга көп сандаган баллистикалык ракета менен кол салгандарын жарыялады.

Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери Х социалдык медиададан берген билдирүүсүндө Израилдин түштүгүндөгү Эйлат шаарына жасаган кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Сери : «Оккупация астындагы Палестинанын түштүгүндө Ум Рашраш аймагындагы душман Израилдин белгилүү буталарына көп сандаган баллистикалык ракета менен аскердик операция жүргүздүк»,- деди.

Газада ок атышпоо жарыяланып палестиналыктарга карата блокада  токтоп, дары  - дармек жана азык – түлүктүн киришине уруксат берилгенге чейин аскердик операцияларды уланта тургандарын айткан Сери : «Йемен куралдуу күчтөрү эркин Йемен калкыбыздын араб жана ислам дүйнөсүнүн бардык эркин элдеринин чакырууларынын негизинде эзилген Палестина калкына каршы диний, ахлактык жана гуманитардык милдеттерин орундатууну улантып жаткандыгын ырастоодо»,- деди.

Израиль армиясынан берилген маалыматта Кызыл деңизден өлкөнүн территориясына жакындаган бир ракетанын "Arrow-3" абадан коргонуу системасы менен жардырылгандыгы белгиленген.



Тектеш кабарлар