АКШ Америка базасына карата кол салууга жооп кайтарды

Америка Кошмо Штаттары  28 -  январда Сирия - Иордания чек арасындагы Америка базасына карата кол салууга жооп катары аймакта биринчи жолу чабуул жасагандыгын жарыялады.

2096936
АКШ  Америка базасына карата кол салууга жооп кайтарды

 Америка Кошмо Штаттары  28 -  январда Сирия - Иордания чек арасындагы Америка базасына карата кол салууга жооп катары аймакта биринчи жолу чабуул жасагандыгын жарыялады.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлиги тарабынан берилген  (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сирия жана Ирактагы Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын Кудс күчтөрүнө жана ага караштуу куралдуу топторго таандык кеминде 85 бутага абадан сокку урулгандыгы билдирилди.

Кол салууларда АКШдан учкан узун аралыктуу бомбалоочу учактар да орун алган  жана  125тен ашуун башкарылуучу бомбанын колдонулгандыгы белгиленген маалыматта  бутага алынган жерде  башкаруу борборлору, ракеталар  жана учкучсуз учуучу аппараттардын атылгандыгы маалымдалды.

АКШнын президенти Жо Байден чабуул  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сирия менен Ирактагы Иран Төңкөрүш Гврадиясы армиясы менен   ага караштуу куралдуу топторду бутага алуу менен базага карата кол салууга бүгүн жооп бере баштагандарын, бул жооптун "өздөрү тандаган убакыт жана жерлерде" болорун билдирди. 

АКШнын Жакынкы Чыгышта аскердик кагылышууну көздөбөгөнүн белгилеген Байден муну менен бирге америкалык аскерлерди бутага алгандарга жооп бере тургандарын баса белгиледи.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин, базага жасалган кол салууга бүгүн жооп бере баштагандарын айтып : «Бул биздин бере турган жообуздун башталышы»,-деди. 

Ирактын батышындагы шиит куралдуу күчү Хашди Шабиге таандык курал сактоочу кампасынын АКШнын чабуулунда атылгандыгы маалымдалды. 

Иракта Иран колдогон шиит куралдуу күчү Нужеба кыймылына караштуу Телеграм эсебинен берилген билдирүүдө Энбар провинциясына караштуу Аккашат аймагында Хашди Шабинин курал сактоочу кампасынын АКШнын чабуулуна дуушар болгондугу билдирилди. Чабуулда каза болгон же жаралангандардын бар  экендиги азырынча белгисиз. 

Сөз болуп жаткан чабуул тууралуу көрүнүштөр  социалдык медиада бөлүшүлдү.

АКШнын Tower 22 деп аталган базасына жасалган кол салууда 3 америкалык аскер каза болуп, 40тан ашуун аскер жараланган.

 

 



Тектеш кабарлар