Израилдин Газага кол салуулары

Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Газа тилкесинде дагы 112 палестиналыкты өлтүргөндүгү, 148 палестиналыктын да жараланганы кабарланды.

2096812
Израилдин Газага кол салуулары

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 112ге көбөйүп 27 миң 131ге жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесинде 119 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Газа тилкесинде дагы 112 палестиналыкты өлтүргөндүгү, 148 палестиналыктын да жараланганы кабарланды.

Израилдин Газадагы кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 27 миң 131ге, жаралуулардын саны 66 миң 287ге жеткени маалымдалды. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Кудра, урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул жансыз денелерге жете албай жатканын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар