Брикс тобу кеңейүүдө

Наледи Пандор өткөргөн пресс-конференция, БРИКСке мүчөлүк процесстери тууралуу маалымат бөлүштү.

2096053
Брикс тобу кеңейүүдө

Түштүк Африканын Эл аралык байланыштар жана кызматташтык министри Наледи Пандор Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өткөн жылы чакырылган БРИКС блогуна кошулууга макул болушканын жарыялады.

Наледи Пандор өткөргөн пресс-конференция, БРИКСке мүчөлүк процесстери тууралуу маалымат бөлүштү.

Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында август айында өткөрүлгөн саммитте 6 өлкөнүн БРИКСке чакырылганын эске салган Пандор, бул өлкөлөрдөн Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабия жана БАЭнин блокко кошулууну бекитишкенин билдирди.

Пандор: «БРИКС саммитинин эң маанилүү жыйынтыктарынын бири да биримдикти кеңейтүү чечими болду. Египет, Эфиопия, Иран, Сауд Арабия жана БАЭнин БРИКСтин толук кандуу мүчөлөрү экенин тастыктадык»,- деди.

Пандор Аргентинанын болсо блокко кошулуу чакырыгын четке какканын маалымдады.

2006-жылы түзүлгөн БРИК (Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай) 2010-жылы Түштүк Африканын арызын кабыл алып БРИКС деп аталган.



Тектеш кабарлар