Түндүк Корея канаттуу ракеталарын учурганын ырастады

Түндүк Кореянын маалымат агенттигинин (KCNA) кабарына караганда, «Хвасал-2» канаттуу ракетасын учуруу сыноосу өлкөнүн коңшуларынын чек ара коопсуздугуна терс таасирин тийгизген жок.

2095554
Түндүк Корея канаттуу ракеталарын учурганын ырастады

Түндүк Корея кечээ Сары деңизди көздөй стратегиялык канаттуу ракетасын учурганын ырастады.

Түндүк Кореянын маалымат агенттигинин (KCNA) кабарына караганда, «Хвасал-2» канаттуу ракетасын учуруу сыноосу өлкөнүн коңшуларынын чек ара коопсуздугуна терс таасирин тийгизген жок.

Түндүк Кореянын буга чейинки билдирүүлөрүндө «Хвасал-2» өзөктүк канаттуу ракеталарынын Япониядагы Америка базаларын да камтыган 2 миң километр алыстыкка жете алаары белгиленген.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын кечээки билдирүүсүндө Түндүк Кореянын жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө Сары деңизди көздөй канаттуу ракеталарын учурганы маалымдалган.

KCNA агенттигинин 19-январдагы кабарына караганда, Түндүк Корея январь айында, иштелип жаткан "Haeil-5-23" суу астындагы өзөктүк курал системасын сынаган.



Тектеш кабарлар