ПКК/ЙПГ Сирияда дагы бир кыз баланы уурдады

Айнулараб районуна караштуу Бир Журуд айылынан 28 -  январь күнү С.А. Мнын  террористтер тарабынан уурдалгандыгы билдирилди.

2095811
ПКК/ЙПГ Сирияда дагы бир кыз баланы уурдады

ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюм  Сириянын Халеп облусунда басып алган Айнулараб (Кобани)  районунан  14 жаштагы кыз баланы  куралдуу отрядына кошуу үчүн уурдады.

Айнулараб районуна караштуу Бир Журуд айылынан 28 -  январь күнү С.А. Мнын  террористтер тарабынан уурдалгандыгы билдирилди. 

Террордук уюм уурдаган балдардын үй -  бүлөлөрү менен байланышуусуна бөгөт койгондугу белгиленди. 

ПКК/ЙПГ уурдаган жаштар менен балдарды куралдуу машыгуу үчүн  лагерлерге алып барууда.

Террористтер  2023 -  жылы декабрда да Айнуларабда  12 жаштагы кыз Е .Ш Кны уурдаган.

Бириккен Улуттар Уюму 2022 - жылдын январь - декабрь мезгилине карата «Жылдык куралдуу  кагылышууларда  балдар» отчетунда террордук уюм ПКК менен Сириядагы уландысы СДГ жана ЙПГнын 2022 - жылы 1200дөн ашуун баланы аскер катары колдонгондугун билдирген. 

Отчетто ПККнын Сириядагы уландысы СДГнын  637 баланы, ПКК/ЙПГ жана СДГга караштуу  түзүмдөрдүн 633 баланы куралдуу отрядына кошкондугу белгиленген.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш отчетко берген баа берүүсүндө  : «Мен балдарды HPG/ПККнын аскер катары колдонуусунан  тынчсызданып жатам. Аларды балдарды аскер катары жана ар кандай максаттарда колдонууну токтотууга жана баарын бошотууга чакырам",- деген.  



Тектеш кабарлар