НАСА Эл аралык космос станциясына 4 тонналык жүк жөнөттү

Falcon 9 ракетасы NG-20 Cygnus роботтук кемеден бөлүнгөндөн кийин жерге кайтып келди.

2095580
НАСА Эл аралык космос станциясына 4 тонналык жүк жөнөттү

Америка Кошмо Штаттарынын аэронавтика жана космостук агенттиги (НАСА) Эл аралык космос станциясына (ЭКС) болжол менен 4 тонналык жүк жөнөттү.

Илимий изилдөөлөр үчүн шаймандар жана жабдуулар, экипаж үчүн да буюмдар менен тамак ашты камтыган жүктү ташыган Американын көп улуттуу аэрокосмостук жана коргонуу технологиялык компаниясы Northrop Grummanга таандык NG-20 Cygnus роботтук кемеси, SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Кейп Канаверал космостук күчтөрү станциясынан ийгиликтүү учурулду.

Учуруу Northrop Grumman компаниясынын Эл аралык космос станциясына ишке ашырган 20-коммерциялык камсыздоо кызматтары миссиясы катары катталды.

Falcon 9 ракетасы NG-20 Cygnus роботтук кемеден бөлүнгөндөн кийин жерге кайтып келди.



Тектеш кабарлар