Мексикада кырсык: 19 адам каза тапты
Синалоа аймагында туристтерди ташыган автобус трассада каршы тараптан келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүштү.
2095393
Мексикада туристтик автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып 19 адам каза болду.
Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, Синалоа аймагында туристтерди ташыган автобус трассада каршы тараптан келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүштү.
Кырсыктан 19 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды.
Синалоа жарандык коргонуу директору Рой Наваррете, сүзүшүүдөн улам автобустун өрттөнүп кеткенин белгилеп, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.
Кырсык боюнча мамлекеттик прокуратура тергөө иштерин баштады.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.