Испаниянын падышасы чакырык салды

Фелипе VI: «Газадагы трагедия адамзаттын жүрөгүн сыздатты»,-деди.

2095827
Испаниянын падышасы чакырык салды

Испанияда король Фелипе VI Израилдин кол салуусуна дуушар болгон Газада туруктуу ок атышпоо жарыяланышын жана гуманитардык жардамдын жеткирилишине кепилдик берилишин талап кылды.

Мадриддеги королдук сарайда Испанияда аккредиттелген 126 өлкөнүн элчилерине кайрылуу жасаган падыша Фелипе VI: «Газадагы трагедия адамзаттын жүрөгүн сыздатты»,-деди.

Испаниянын падышасы эл аралык коомчулукту Газада туруктуу ок атышпоо жарыялоого жана Палестина элине гуманитардык жардам жеткирүүгө кепилдик берүүгө чакырып, Хамастын барымтадагыларды эч кандай шартсыз дароо бошотуусун талап кылды.

Король Фелипе VI, Испаниядагы солчул коалициялык өкмөттүн эл аралык коомчулукта баса белгилеген «Израиль жана Палестина мамлекеттери бирдей шарттарда, толук көз карандысыз жана чек аралары таанылган эки мамлекеттүү чечим» сунушун кайталады.

Орусиянын Украинага басып киришине да токтолгон король Фелипе VI: «Орусия Украинага эч кандай себепсиз жана адилетсиз басып кирди. Биздин өлкө Украинада глобалдык, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун келишимин толук урматтоонун алкагында европалык жана эл аралык өнөктөштөрү менен кызматташууну улантат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар