Иран 28 өлкө менен визаларды бир тараптуу алып салды

Тышкы иштер министринин орун басары Али Реза Бигдели маалымат берди.

2095704
Иран 28 өлкө менен визаларды бир тараптуу алып салды

Иран туризмди жандандыруу максатында 4-февралдан тарта 28 өлкө менен визаларды бир тараптуу алып салганын жарыялады.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, тышкы иштер министринин орун басары Али Реза Бигдели, кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына карата Иранга туризм максатында саякатташы үчүн бир тараптуу визадан бошотулушу боюнча жобонун тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөнүн айтты.

Бигдели, визадан бошотуунун Сауд Арабия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Бахрейн, Өзбекстан, Тунис, Танзания, Япония, Индонезия, Сингапур, Бразилия, Сербия, Босния-Герцеговина, Беларусь жана Индия да арасында болгон 28 өлкөгө ишке ашырыла турганын айтты.

Ирандын расмий өкүлү, 28 өлкөдөн Индиянын жарандарынын Иранга аба аркылуу визасыз кире алышарын, кургактык чек аралары аркылуу кирүү үчүн болсо виза алуулары керек экенин билдирди.

Бигдели: «Буга ылайык Иранга туризм максатында барган бул 28 өлкөнүн жарандарынан 2024-жылдын 4-февралынан тарта Иранга саякаттоо үчүн виза талап кылынбайт»,-деди.



Тектеш кабарлар