Газада каза болгондордун саны
Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 117 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.
Израиль армиясынын Газа тилкесинде 7-октябрдан берки кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 26 миң 900гө жетти.
Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 117 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.
Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесинде акыркы 24 саатта дагы 150 палестиналыкты өлтүргөнүн, 313 палестиналыкты да жаралаганын белгилеген Кудра, 7-октябрдан бери Газада каза болгон палестиналыктардын саны 26 миң 900гө, жаралуулардын саны 65 миң 949га жеткенин айтты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы, дагы деле урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экенин, Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул жансыз денелерге жете албай жатканын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Израилдин акыркы 24 саатта жасаган колс алуусунда 44 палестиналык каза болду
Израиль 20 - сентябрь жума күнү эртең менен Газа тилкесине көптөгөн абадан кол салууларды жасады.