Иззеддин  -  аль  -  Кассам бригадалары Тель Авивди ракета менен аткандыгын билдирди

Ливандагы Хизбуллах кыймылы да акыркы  24 саатта Израиль чек арасындагы аскердик позицияларга Иранда жасалган ракеталар жана түрдүү куралдар менен  13 кол салуу жасады.

2095147
Иззеддин  -  аль  -  Кассам бригадалары Тель Авивди ракета менен аткандыгын билдирди

Палестина каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын аскердик канаты Иззеддин  -  аль  -  Кассам бригадалары Израилдин Газа тилкесиндеги кыргындарына каршылык катары Тель Авивди ракета менен аткандыгын билдирди.

Кассам бригадаларынын Телеграм эсебинен берилген маалыматында : «Оккупациячыл мамлекет Израилдин жарандарга карата кыргындарына каршылык катары Тель  -  Авивди ракета менен аттык»,- деп айтылды.

Бир тараптан Израилдин Канал  12  телекөрсөтүүсүнүн кабарында : «Чоң Тель  -  Авив аймагына карата  кеминде 12 ракета атылды»,- деп билдирилди. Кабарда ракеталардын «Темир купол» абадан коргоо системасы тарабынан тоскоолдукка учуратуу аракетинин натыйжасында жарылуулардын угулгандыгы белгиленди.

Ливандагы Хизбуллах кыймылы да акыркы  24 саатта Израиль чек арасындагы аскердик позицияларга Иранда жасалган ракеталар жана түрдүү куралдар менен  13 кол салуу жасады.

Израиль армиясы Ливан аймагынан келген кол салууларга жооп берүү үчүн Хизбуллахтын кээ бир буталарына согуштук учактар ​​менен рейддерди жүргүзүп жатканын жарыялады.

Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосундагы кагылышууда ушул убакка чейин 176 Хизбуллах мүчөсү, 30 ливандык жаран, 6 израилдик жаран жана 10 аскер каза болду.

Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде 11 миңи бала, 7 миң 500ү аял болгон 26 миң 637 палестиналык каза болуп, 65 миң 387си жараланды.

 



Тектеш кабарлар