ДССУнун чакырыгы

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер БУУнун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында билдирүү жасады.

2095304
ДССУнун чакырыгы

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) донорлорду "Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигине (UNRWA) каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотпоого" чакырды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер, БУУнун Женева кеңсесинин жумалык маалымат жыйынында билдирүү жасады.

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисустун "UNRWAга каржылык колдоо көрсөтүү токтотулбашы керек" деген чакырыгын кайталаган Линдмайер: «Учурдагы талаш-тартыш Газада күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын болуп жаткан окуялардын реалдуулугун алагды кылууда», - деди.

Газада болжол менен 27 миң кишинин каза болгонун, алардын 70 пайызынын аялдар жана балдар экенин эске салган Линдмайер, Газа калкынын таза сууга, тамак-ашка жана баш калкалоочу жайга жете албаганын баса белгиледи.

Линдмайер UNRWAнын Газа элине, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына маанилүү колдоо көрсөткөнүн айтты.

БУУга мүчө мамлекеттердин ыктыярдуу салымдары менен каржыланган UNRWA 1950-жылы ишмердүүлүгүн баштагандан бери палестиналык качкындарга тамак-аш, ден соолук, билим берүү жана баш калкалоочу жай сыяктуу гуманитардык жардамдарды көрсөткөн негизги уюм болуп саналат.

Бүгүнкү күндө агенттик 5,9 миллион палестиналык качкынга колдоо көрсөтүүдө.

Германия, Швейцария, Италия, Канада, Финляндия, Исландия, Австралия, Англия, Нидерландия, АКШ, Франция, Австрия, Япония жана Эстония UNRWAга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтотуу чечимине келишкенин билдиришкен.

Бир тараптан Норвегия, Ирландия жана Испания UNRWAга колдоолорун уланта тургандарын жарыялашты.



Тектеш кабарлар