Израилдин Газага кол салуулары

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден катуу кол салууларынын 115-күнүндө ондогон адамдар каза болуп, жаракат алды.

2094529
Израилдин Газага кол салуулары

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине уланып жаткан кол салууларында кеминде 11 миңи бала, 7 миң 500ү аял 26 миң 422 палестиналык каза болуп, 65 миң 87си жараланды.

Урандылардын астында дагы деле миңдеген сөөктүн бар экени билдирилсе, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.

Израиль күчтөрүнүн Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден катуу кол салууларынын 115-күнүндө ондогон адамдар каза болуп, жаракат алды.

Палестинанын расмий WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израиль армиясынын Газанын түштүк-чыгышындагы Аз-Зейтун жана түштүк-батышындагы Тел аль-Хева райондорун абадан жана кургактыктан катуу бомбалоосунун натыйжасында ондогон адамдар каза болду жана жаракат алышты.

Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусайрат качкындар лагеринин батышында Израилдин согуштук учактарынын Эль-Мутви үй-бүлөсүнө таандык бир үйгө кол салуусунда кеминде 23 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши да жараланды.

Израилдин шаардын борбордук бөлүгүндөгү Ал-Завайда районундагы бир үйгө кол салуусунда болсо 14 палестиналык каза болуп, айрымдары жаракат алды.

Израиль армиясы, бир нече айдан бери кол салууларын уланткан Газа тилкесинде дагы бир журналистти өлтүрдү.



Тектеш кабарлар