Евробиримдик Борбор Азиядагы эффективдүүлүгүн жогорулатууну каалайт

Евробиримдиктин вице-президенти Валдис Домбровскис менен Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Брюсселде өткөн Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы жыйында сөз сүйлөштү.

2094819
Евробиримдик Борбор Азиядагы эффективдүүлүгүн жогорулатууну каалайт

Европа Биримдиги (ЕБ) европалык жана эл аралык каржы институттары Борбор Азиядагы туруктуу транспорттук байланышты колдоо жана инвестициялоо үчүн 10 миллиард евро бөлгөнүн билдирди.

Евробиримдиктин вице-президенти Валдис Домбровскис менен Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Брюсселде өткөн Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы туруктуу транспорт боюнча «Глобалдык өтмөк» инвестициялык форумунун ачылышында сөз сүйлөштү.

Евробиримдик учурда Борбор Азиянын эң ири инвестициялык өнөктөшү жана аймактагы өлкөлөрдүн экинчи ири соода өнөктөшү экенин белгилеген Домбровскис, Борбор Азия өлкөлөрү да Евробиримдик менен кызматташууну күчөтүүнү каалаганын түшүндүрдү.

Евробиримдиктин учурда Борбор Азиянын эң чоң инвестициялык өнөктөшү жана аймактагы өлкөлөрдүн экинчи эң чоң соода өнөктөшү экенин айткан Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрүнүн да ЕБ менен кызматташууну бекемдөөнү кааларын түшүндүрдү.

Домбровскис алардын узак мөөнөттүү максаты Европа менен Борбордук Азияны 15 күндө же андан аз убакытта байланыштыра турган атаандаштыкка жөндөмдүү, туруктуу, акылдуу жана тез коридор түзүү экенин, ал үчүн Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, эл аралык каржы институттарынын, жеке инвесторлордун жана компаниялардын ортосундагы макулдашылган иш-аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Домбровскис: «Мен эл аралык коомчулук Борбордук Азиянын туруктуу транспорттук байланышы үчүн жалпы суммасы 10 миллиард евролук пакетти жеткирүүгө милдеттендирерин жарыялоого абдан кубанычтамын», - деди.

Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Боррел да Европа Биримдигинин Орусияга каршы олуттуу санкцияларды киргизгенин эске салып: «Санкциялардын таасирдүү болушу үчүн өнөктөштөрүбүздүн толук кызматташтыгына муктажбыз»,-деп айтты.

«Биз экономикалык коопсуздугубузду арттырган жолдор менен өнөктөштүктү бекемдешибиз керек»,-деп айткан Боррел, экономика жана коопсуздук маселелери бири-бирине барган сайын жакын болоорун баса белгиледи.

Евробиримдик тарап бул форумду Борбор Азиядагы Орусия жана Кытай өңдүү таасирдүү өлкөлөр менен атаандашуу мүмкүнчүлүгү деп эсептейт.

Евробиримдик Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгесине альтернатива катары сунуш кылган «Глобалдык өтмөк» программасы менен дүйнө жүзү боюнча таза инфраструктураны каржылоо жана куруу үчүн 300 миллиард евро инвестиция тартууну талап кылат.



Тектеш кабарлар