ДССУ: "UNRWAга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотпогула"

Гебреисус X социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.

2094545
ДССУ: "UNRWAга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотпогула"

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус кайрымдууларды, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигине (UNRWA) каржылык колдоосун токтотпоого чакырды.

Гебреисус израилдик жетекчилердин бул мекеменин кызматкерлеринин Хамасты колдогондугун айтышкандан кийин кээ бир өлкөлөрдүн уюмга каржылык колдоосун токтоткондугу тууралуу X социалдык медиа платформасынан билдирүү бөлүштү.

Кайрымдууларды ушул оор учурда мекемеге берген каражатты токтотпоого чакырган Гебреисус: «Финансылык колдоону кыскартуу жардамга абдан муктаж болгон Газа элине гана зыян келтирет»,-деди.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Израиль жетекчилеринин мекеме кызматкерлеринин Хамастын 7-октябрдагы чабуулдарына тиешеси бар деген билдирүүлөрүн тез арада иликтөөнү суранган.

Палестиналык качкындарга жардам агенттигине да Израилдин дооматтары боюнча иликтөө баштаган.

Германия, Швейцария, Италия, Канада, Финляндия, Австралия, Англия, Нидерландия, АКШ жана Франция мекемеге каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтотууну чечкендерин жарыялашкан.



Тектеш кабарлар