Эл аралык адилеттик сотунун "геноцид" доосу боюнча чечим чыгаруу күнү

Түштүк Африка Республикасы Эл аралык Адилеттик Сотунан Израилди "геноцид кылбаганга, геноцидди алдын алууга жана геноциддин аткаруучуларын жазаландырууга" мажбурлоосун каалап жатат.

2093801
Эл аралык адилеттик сотунун  "геноцид" доосу боюнча чечим чыгаруу күнү

Эл аралык Адилеттик  Соту Туштук Африка Республикасынын Израилге каршы козгогон «геноцид» доосунда алдына ала бөгөт коюу талабына байланыштуу чечимин бүгүн билдирет.

Нидерландиянын Гаага шаарындагы соттун чечими коомчулукка ачык жыйында жарыяланат.

Бүткүл дүйнө доону жакындан байкап жатат.

Айрыкча эзилген палестиналыктарга каршы геноцид жасагандарды жазалоо талабы доонун  эң күчтүү элементтеринин арасында.

Эл аралык адилеттик соттун чыгарган чечимдери тараптар үчүн баш ийдирүүчү мүнөздө.

Чара көрүү чечими чыгат жана Израиль буга баш ийбесе Түштүк Африка Республикасы маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешине алып барып аракетке өтүүнү талап кыла алат.

Түштүк Африка Республикасы Эл аралык Адилеттик Сотунан Израилди "геноцид кылбаганга, геноцидди алдын алууга жана геноциддин аткаруучуларын жазаландырууга" мажбурлоосун каалап жатат. 

 

 



Тектеш кабарлар