АКШ менен Израилдин "Апачи" аскердик тик учагын камтыган келишимге кол койгондугу билдирилди

АКШ менен Израилдин Тель  - Авивге көп сандаган Ф  - 35  жана Ф  - 15 AI учагы менен "Апачи" аскердик тик учагын камтыган чоң  курал келишимине кол койгондугу билдирилди.

2093839

Израилде  берүүлөрүн эфирге чыгарган Канал  12  телекөрсөтүүсү Вашингтон менен түзүлгөн келишимде орун алган Коргоо министрлигинин жетекчилеринин : «Газа тилкесинде уланып жаткан согуш учурунда АКШ менен Израилдин ортосунда трагедиялуу курал келишимине кол коюлду. Алдыбыздагы бир канча күндүн ичинде Израиль армиясына жаңы үч флот жана миңдеген ок  - дары берилет»,- дегенин билдирди.

Аттары аталбаган жетекчилердин айтымында, келишим Израиль армиясын көп сандагы  Ф - 35 жана Ф  - 5 AI учактары жана «Aпачи» аскердик тик учактары менен камсыз кылууну камтууда. Жетекчилер Газадагы согуштун жана түндүктө Ливан Хизбуллахы менен кагылышуулар улантылып жаткан бир мезгилде кол коюлган келишимдин «өзгөчө чоңдукта» экендигин айтышты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кенен кол салуу баштагандыгын жарыялаган.

Израиль армиясы да буга жооп катары Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштагандыгын билдирген.

Күч алган чыңалууда  көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон  26 миңге жакын палестиналык каза болду.

Тектеш кабарлар