Шольц - Зеленский сүйлөшүүсү

Германиянын  премьер  - министри Олаф Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

2093364
Шольц  - Зеленский сүйлөшүүсү

Германиянын  премьер  - министри Олаф Шольц Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Шольц Зеленский менен Украинадагы саясий, аскердик жана гуманитардык абал тууралуу пикир алмашты.

Сүйлөшүүдө Зеленский Шольцко Россиянын акыркы чабуулдарынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, Германия өкмөтүнө, өзгөчө Украинанын абадан коргонуусун бекемдөөгө көрсөткөн аскердик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Шольц да Россиянын уланып жаткан кол салууларына каршы Украина менен «чексиз тилектештигин» дагы бир жолу баса белгилеп, Европа жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз координацияда Украинаны аскердик тармакта колдоону уланта тургандарын белгиледи.

Эки лидер 2023 - жылдын июль айында G7 биргелешкен декларациясын ишке ашыруу алкагында эки тараптуу коопсуздук жана колдоо боюнча милдеттенмелер келишими боюнча уланып жаткан сүйлөшүүлөрдү кыска мөөнөттүн ичинде бүтүрүү боюнча макулдашты.

Чоң жетилик өлкөлөрүнүн ичинен Британия биринчи болуп 12 - январда Украина менен коопсуздук тармагында  кызматташуу келишимине кол койгон.

 



Тектеш кабарлар