Орусия Украинаны айыптады

Учактагы бардык жүргүнчүлөрдүн каза тапкандыгы билдирилди.

2093004
Орусия Украинаны айыптады

Орусия 65 украиналык туткун менен бирге 74 кишини ташыган орус учагынын Украина тараптан ракета менен атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Москва убактысы боюнча 11.15те «Киев режиминин», Чкаловск аэропорту-Белгород каттамындагы, туткундарды алмаштыруу үчүн украиналык аскер кызматкерлерин ташыган орус аскердик транспорттук учагын атып түшүрүү менен «террордук кол салуу» жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Учак Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан Харьков облусунун Липци конушунан зениттик-ракеталык комплекстин жардамы менен атып түшүрүлдү. Орусиянын Аскердик-аба-космос күчтөрүнүн радарлары Украинанын эки ракетасын учурганын байкашты» деген сөздөр камтылды.

Учакта 6 кишилик экипаж, туткун алмашуу үчүн 65 украиналык аскер кызматкери жана аларды коштоп жүргөн 3 орусиялык аскер кызматкеринин болгону, учактын экипажы менен бардык жүргүнчүлөрүнүн каза тапкандыгы билдирилди.

Украин администрациясынын бүгүн украиналык аскер кызматкерлеринин алмаштырылышы үчүн аскердик транспорттук учактар ​​менен Белгород аэропортуна жеткирилерин абдан жакшы билгени айтылган билдирүүдө, мурда жетишилген макулдашууга ылайык туткундарды алмашуунун түштөн кийин Орусия-Украина чек арасындагы «Колотиловка» өткөрүү пунктунда болорунун пландалганы кабарланды.

Билдирүүдө: «Ошентсе да нацисттик Киев режими украин аскерлеринин жок кылынышына Орусияны айыптоо максатын көздөп ушул кадамга барды. Бул терактты жасоо менен украин администрациясы өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп, жарандарынын өмүрүн тоготподу»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар