Пакистан менен Иран эки өлкөнүн элчилери өз милдеттерин аткара алышы боюнча макулдашты

Билдирүүдө Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахияндын министр Жиланинин чакыруусу менен 29-январда Пакистанга келери ортого салынды.

2091973
Пакистан менен Иран эки өлкөнүн элчилери  өз милдеттерин аткара алышы боюнча макулдашты

Пакистан менен Иран эки өлкөнүн элчилери 26-январга чейин өз милдеттерин аткара алат деп макулдашты.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани менен Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахияндын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин Тегеран менен Исламабад эки өлкөнүн элчилери 26-январга чейин милдеттерин аткаруу үчүн өз өлкөлөрүнө кайтып келүүсү боюнча макулдашышканы белгиленди.

Билдирүүдө Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахияндын министр Жиланинин чакыруусу менен 29-январда Пакистанга келери ортого салынды.

Иран 16-январда Пакистандын аймагына ракета жана дрондор ​​менен чабуул жасап, террордук элементтерди бутага алганын жарыялаган.

Пакистан да түн ичинде Ирандын чек ара аймагындагы бир чекитке ракета менен сокку уруп, террористтерге каршы операция жүргүзүп жатканын билдирген.

Тараптар бири-бирин айыптоо менен бирге, кол салууларда карапайым калктын каза болгондугун, «дос жана боордош өлкөлөр» катары бири-биринин жеринин бүтүндүгүн урматтаганын билдиришти.

Исламабаддын администрациясы 17-январда Тегерандагы элчисин чакыртып алуу чечимин кабыл алуу менен бирге иш сапары менен өлкөсүндө жүргөн Ирандын Исламабаддагы элчиси бир канча убакытка кайтып келбей калышы мүмкүн экенин да Тегеранга билдирген.

15-январда Иран террордук уюмдарды жана Израилдин чалгындоо кызматтарын бутага алды деген жүйө менен Ирактын түндүгүнө ракеталык чабуулдарды баштаган.

Ирактын башкаруучулары болсо Иранга катуу реакция кылып, бул актоо негизсиз экенин жана бул алардын эгемендүү укуктарын бузуп жатканын билдиришкен.



Тектеш кабарлар