Ирандан АКШга билдирүү

Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Газадагы абалга байланыштуу бүгүнкү жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Абдуллахиян, аймактагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

2092151
Ирандан АКШга билдирүү

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейн Эмир Абдуллахиян, Йемендеги хуситтерге каршы Британия менен бирге жаңы кол салууларды баштаган АКШга «Согуштун масштабы кеңейет» деген эскертүү билдирүүсүн жөнөткөндөрүн айтты.       

Иран мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Газадагы абалга байланыштуу бүгүнкү жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко барган Абдуллахиян, аймактагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.  

АКШнын Британия менен бирге Йемендеги хуситтерге каршы жүргүзгөн аба соккуларына токтолгон Иран министри: «АКШ менен Улуу Британияга аймактагы тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурган кол салуулары согуштун масштабын кеңейтет деген билдирүүлөрдү жана олуттуу эскертүүлөрдү жөнөттүк»,- деди.

Йеменде Иран колдогон хуситтер Аден булуңунда АКШнын жүк ташуучу кемесин кеме аткыч ракеталар менен аткылаганын, АКШ менен Британ күчтөрүнүн болсо борбор шаар Санага абадан кол салганын кабарлаган.

 



Тектеш кабарлар