Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас «Акса топону» боюнча баяндамасын жарыялады

«Эмне үчүн Акса Топонун кылдык» деген 16 барактан турган баяндамада 7-октябрда болгон окуялар, операциянын эмне үчүн жасалганы жана Палестина маселеси менен эмне байланышы болгонуна орун берилди.

2091768
Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас «Акса топону» боюнча баяндамасын жарыялады

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас 7-октябрда уюштурган «Акса топону» боюнча баяндамасын жарыялады.

«Эмне үчүн Акса Топонун кылдык» деген 16 барактан турган баяндамада 7-октябрда болгон окуялар, операциянын эмне үчүн жасалганы жана Палестина маселеси менен эмне байланышы болгонуна орун берилди.

Израилдин дооматтарын жокко чыгаруу жана фактыларды ачыкка чыгаруу максатында даярдалганы билдирилген баяндамада, Акса Топону «Израилдин Палестина доосун жоюу, жерлерди басып алуу жана иудейлештирүү, Месжид-и Акса жана ыйык жерлерди толук көзөмөлгө алуу пландарына каршы жасалган зарыл кадам жана табигый реакция» деп белгиленди.

Баяндамада «Акса топонунун» Газа тилкесиндеги блокаданын жоюлушу менен катар, баскынчылыктан кутулуу, улуттук укуктарды калыбына келтирүү, эгемендүүлүккө жана өз тагдырын өзү чечүүгө жетишүү жана борбору Кудс болгон Палестина мамлекетин куруу   багытында ташталган табигый кадам болгону» белгиленди.

Хамас түзүлгөндөн бери карапайым калкты бутага алуудан качканы белгиленген баяндамада: «Акса топону операциясы учурунда Израилдин коопсуздук жана аскердик системасынын толук жана ылдам кыйроосу, кээ бир үзгүлтүккө учурашы, Газаны жана операция аймактарын бөлүп турган зым тосмолордо чоң тешиктердин ачылышы себептүү хаос болгон болушу мүмкүн», деген сөздөр орун алды.

 Хамастын «Акса топону» учурунда Израилдин жарандарын бутага алганы боюнча айыптоолорго да токтолгон баяндамада, «Жарандарды, өзгөчө аялдарды, балдарды жана карыларды бутага алуудан качуунун Хамас мүчөлөрүнүн адеп-ахлактык жана диний тарбиясынын бир талабы экени» баса белгиленди.

Баяндамада : «Кассам мүчөлөрү 7-октябрда карапайым калкты бутага алды деген доомат толугу менен жалаа жана калп»,- деп айтылды.

Баяндамада каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн Палестина калкына жана Израиль аскерлерине каршы курал алып жүргөндөрдү бутага алганы жана мунун мурда да көп жолу айтылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар