Ливандагы мамлекеттик мекемелерге кибер чабуул коркунучу

Ливандын расмий мекемеси NNAда, Ливан парламенти жана Социалдык иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү бөлүшүлдү.

2091827
Ливандагы мамлекеттик мекемелерге кибер чабуул коркунучу

Ливанда мамлекеттик мекемелердин кибер чабуул коркунучу астында экени кабарланды.

Ливандын расмий мекемеси NNAда, Ливан парламенти жана Социалдык иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү бөлүшүлдү.

Билдирүүдө «Министрликтин сайты кибер чабуулга дуушар болуп колго алынууга аракет кылынганы, маселенин чечилиши үчүн иш-аракеттердин уланып жатканы» айтылды.

Ливан парламентинин интернет сайтына да ушундай чабуул жасалганы жана сайтты коргоо үчүн бардык иштердин токтотулганы белгиленди.

Бейрут Рафик Харири эл аралык аэропортунун бардык системасына ушундай эле чабуул 7-январда жасалып, системаны калыбына келтирүү иштери бир нече күн бою жүргүзүлгөн.

Ливан өкмөтү кол салууну ким жасаганы тууралуу эч кандай маалымат тараткан жок.



Тектеш кабарлар