Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир унаага учкучсуз учуучу аппарат менен кол салды

Ливан басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өлкөнүн түштүгүндөгү Кафрадагы Ливандын аскердик көзөмөл пунктуна жакын жерде кечээ бир унаага учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу болгон.

2091513
Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир унаага учкучсуз учуучу аппарат менен кол салды

Израилдин Ливандын түштүгүндө бир унаага учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуусунан 1 кишинин каза болгондугу, 5 кишинин жараланганы билдирилди.

Ливан басма сөзүндө орун алган кабарга караганда өлкөнүн түштүгүндөгү Кафрадагы Ливандын аскердик көзөмөл пунктуна жакын жерде кечээ бир унаага учкучсуз учуучу аппарат менен кол салганы, анда 1 кишинин каза болгону, 5 кишинин жараланганы белгиленди.

Ливан-Израиль чек арасына болжол менен 8 километр алыстыкта ​​болгону белгиленген кол салууда бир унаанын талкаланганы, бир унаанын күйүп кеткени билдирилди.

Израиль медиасынын коопсуздук булактарына таянган кабарларында, кол салууда эки Хизбуллах мүчөсү каза болуп, бирөөнүн качып кетүүгө үлгүргөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар