Германия Газада чукул гуманитардык тыныгуу берилишин талап кылды

Тышкы иштер министри Бербок, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алында билдирүү жасады.

2091876
Германия Газада чукул гуманитардык тыныгуу берилишин талап кылды

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок гуманитардык жардамдардын Палестина элине жетиши үчүн Газада чукул гуманитардык тыныгуу берилишин талап кылды.

Тышкы иштер министри Бербок, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда жарыялаган билдирүүсүндө: «Газадагы кырдаалды басаңдатуу, өзгөчө балдардын азаптарын жеңилдетүү, ошондой эле ХАМАСтын колундагы туткундарды бошотуу үчүн тез арада Газада гуманитардык тыныгууга муктаждыгыбыз бар»,-деди.

Бербок Евробиримдиктин жыйынында негизинен Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү жолдорун жана гуманитардык тыныгуу үчүн дипломатиялык аракеттерди сүйлөшө тургандарын маалымдап: «Израиль палестиналыктар коопсуздукта жана кадыр-баркта жашаганда гана коопсуздукта жашай алат. Палестиналыктар да Израиль коопсуздукта жашаганда гана кадыр-барк, коопсуздук жана эркиндикте жашай алат»,-деп айтты.

Бербок эки мамлекеттүү чечимдин Израиль-Палестина маселесин чечүүнүн жалгыз жолу экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар