Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдо жарылуу болду
Эстония менен чек арадагы Усть-Луга портундагы Новатектин мунай иштетүүчү заводунда болгон жарылуудан кийин өрт чыкты.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Орусиянын Новатек энергетикалык компаниясынын мунай иштетүүчү заводунда жарылуу болду.
Эстония менен чек арадагы Усть-Луга портундагы Новатектин мунай иштетүүчү заводунда болгон жарылуудан кийин өрт чыкты.
Өрт чектөөгө алынганы, жабыркагандар жок экени айтылды.
Орус жергиликтүү басылмалары өрттүн себеби азырынча белгисиз экенин, бирок мунай иштетүүчү заводдун айланасында учкучсуз учуучу аппараттар көрүнгөнүн жазды.
Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко окуядан кийин коңгуроо кагылганын билдирди.
Дрозденко аймактагы кызматкерлер эвакуацияланганын билдирди.
Өрт чыккан аймакта 3 эл аралык танкер бар экени жана бул танкерлердин өрттөн зыян тартпаганы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.