Ооганстандын түндүгүндө учак кулап түштү
Учактын Францияда жасалган Dassault Falcon 10 экени жарыяланды.
2091370
Индиядан Орусиянын борбору Москвага бараткан учак Ооганстандын Бадахшан провинциясында кулап түштү.
Орусиянын авиация башкаруучулары чартердик учакта 6 адам болгонун жарыялады.
Учактын Францияда жасалган Dassault Falcon 10 экени жарыяланды.
Индиянын авиация кызматкерлери учак Таиланддан Москвага учуп, Гая аэропортунда май куюучу тез жардам учагы болгонун билдирди.
Куткаруучу топтор чара көрүштү, бирок учактын кайда түшкөнү азырынча аныктала элек.
Кырсык болгон провинцияда Ооганстандын эң бийик тоосу жайгашкан.
Аймактын адырлуу болушу иштин жүрүшүнө тоскоол болууда.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.