Макрон Еврпаны Россия тууралуу эскертти

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украина  -  Россия согушунда Москва башкаруусу жеңишке жетише турган болсо мунун Европанын коопсуздугунун акыркы чекити деген мааниге келгендигин айтты.

2091139
Макрон Еврпаны Россия тууралуу эскертти

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украина  -  Россия согушунда Москва башкаруусу жеңишке жетише турган болсо мунун Европанын коопсуздугунун акыры деген мааниге келгендигин айтты. 

Макрон өлкөнүн Манш провинциясына караштуу Шербург-ан-Котентин шаарындагы деңиз базасында аскерлер менен жолугушту.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Макрон : "Россияга каршы согушта эмеспиз бирок биздин милдетибиз (Россиянын) жеңишин мүмкүн эмес абалга алып келүү",- деди. 

Макрон  2022 -  жылы  24 -  февралдан бери Украина  -  Россия согушу тууралуу : "Россия жеңе турган болсо Европанын коопсуздугу акырына чыгат",- деди. 

Жакынкы Чыгыштагы абалга токтолгон Макрон, Франциянын Кызыл деңизде кеме жүрүү эркиндигин коргогонуна жана өлкөсүнүн аймакта болушунун «таасирдүү» экенине баа берди.

Макрон Франциянын Газада жаралуулардын дарыланышы үчүн оорукана кызматын бере турган  Dixmude тик учак кемесинде  1000ден ашуун палестиналыктын бар экендигин жана  120дан ашуун оор жаралуунун дарыланып жаткандыгын айтты.

Франциянын президенти Макрон 2017 -  жылдан бери армиянын бюджетинин эки эсеге чыккандыгын айтты. 

 



Тектеш кабарлар