Израилдик аналитик : "Израиль сазга батты"

Израилдик аналитик  Амос Харел Израилдин Газада сазга баткандыгын белгиледи.

2091158
Израилдик аналитик : "Израиль сазга батты"

Израилдик аналитик  Амос Харел Израилдин Газада сазга баткандыгын белгиледи. 

Амос Харел  Гаарец гезитине Израилдин  7 -  октябрдан бери Газага карата кол салуулары тууралуу баа берди. 

Премьер  - министр Беньямин Нетаньяхунун  3 жыл мурда берген убадасынын терсине Израилдин "эң тын 10 жылын" жашабагандыгына көңүл бурган Харел  : "Терсине өлкө ичи жана тышында коопсуздук толугу менен бузулду",- деди. 

Харел Израилдин душмандарына каршы «токтотуучу күчүн жоготкондугун» баса белгилеп: «Палестиналыктар менен болгон кагылышуунун  Перс булуңундагы өлкөлөр менен тынчтык жана нормалдашуу жолу менен жеңет деген ой тескери натыйжа берди»,-деди.

Харел Газадагы абалдын "өлүмчүл жана кооптуу" болуп баратканын белгилеп : "Израиль Газада сазга баткандыгына байланыштуу ачык белгилер бар жана Батыш Шериа кайноо чегине жетти",- деп баа берди. 

Харел өзгөчө Газада кармалып турган израилдик туткундар үчүн "убакыттын өтүп баратканын" эскертти.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 2023-жылдын 7-октябрында «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз эреже  бузууларга жооп берүү» деген негиз менен Израилге кеңири кол салуу баштаган.

Израиль 7 -  октябрдагы кол салууларда  1200 израилдиктин каза болгондугун, 5 миң  132 кишинин да жаракат алгандыгын билдирди. 

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында кеминде  10 миң 800ү бала, 7 миң 250ү аял болгон 24 миң 762 палестиналык каза болуп, 62 миң 108 киши жараланды. Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги кабарланууда.

Израиль армиясы Газа тилкесине карата кол салууларын баштаган  7 -  октябрдан бери  530 аскеринин өлтүрүлгөндүгүн жарыялады.

Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосунда  2023 -  жылы  8 -  октябрдан бери уланып келе жаткан кагылышууларда  29 ливандык жаран жана 162 Хизбуллах мүчөсү менен  6 израилдик жаран жана  10 израилдик аскер каза болду. 

 



Тектеш кабарлар